Ак-Буура дарыясынын жээгинде мыйзамсыз курулган 400дөй объект бар — Экотехинспекция

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы. Сүрөт: "Т-Медиа" басылмасы

Ош шаардык экотехинспекциянын бөлүм башчысы Асанбек Мамыраимов «Клоопко» билдиргендей, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги жер тилкелери мыйзамсыз берилип кеткен. Мамыраимовдун айтымында, дарыя коргоо аймагына киргендиктен жээктен 50 метрге чейинки аралыкта курулуш жүргүзүүгө тыюу салынат.

«Жер кодексинин негизинде токойду, сууну, коргоо зоналарын жеке менчикке берүүгө болбойт. Экотехинспекция эки жылдан бери жээкке курулган курулуштарды каттоо менен иш алып барып келебиз. Бүгүнкү күнгө 391 объекти мыйзамсыз курулуп кеткендиги аныкталды», — деп маалымдады ал.

Мамыраимов учурда экотехинспекция 10дой объекттин ээсин сотко бергенин айтты. Башчы кошумчалагандай, калган объектилердин ээлерин сотко берүү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатат.

Ак-Бууранын жээгин мыйзамсыз курулуштардан бошотуу иштери 2020-жылга пландалып жаткандыгын Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» тастыктады.

«Жээкти тургундар үчүн эс алуучу жай кылуу шаардын башкы планында бар жана азыркы убакта долбоорлор иштелип чыгууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн алгач жээкти менчике берилип кеткен курулуштардан арылтышыбыз керек», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Ош шаарынын ортосунан агып өткөн Ак-Буура дарыясынын узундугу 136 километрди түзөт. Шаардыктарга ичүүчү суу дал ушул дарыядан берилет.