Кара-Суу: Архитектура башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кетти

Кара-Суу районунун архитектура башкармалыгынын жетекчиси Марат Шарипов кызматынан өз эрки менен кетти. Ведомствонун 60тан ашуун кызматкери аны «негизсиз акча топтоолорго» айыптап, 15-октябрда иш ташташкан.

Архитектура жана курулуш мамагенттиги Kаktus Media басылмасына карабарлагандай, комиссия Шариповдон «коррупциялык элементтерди жана негизсиз каражат чогултууларды аныктаган эмес».

Башкармалыктын кызматкерлеринин айтымында, алар июнь айында эле райондук администрацияга арызданып кайрылышкан. Мамкурулуш аны беш ай бою караганы менен натыйжада жумушка мурдагы эле жетекчилик кайтып келген.

Мамкурулуштун комиссияcы бул иш боюнча териштирүүнү улантып жатат.