Ош милициясы «Азаттыктын» операторун суракка чакырды

«Азаттык» үналгысы 17-октябрда оператору Айбек Кулчуманов Ош милициясынан суракка келүүгө эки чакыруу кагазын алганын кабарлады.

Тергөөчү менен жолугушуу 19-октябрда болот. Анда башыма дрон кулаган деп билдирген Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн багбанчысы менен беттештирүү болушу мүмкүн.

Экинчи чакыруу кагазына ылайык, ошол эле күнү саат 16:00до Айбек Кулчумановдун арызына байланыштуу тергөө иш-чаралары болуп өтөт.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов 28-сентябрь күнү эртең менен Райымбек Матраимовдун үйүнүн жанында дронго тасма тартып жүргөн. Кулчумановдун билдирүүсүнө караганда, ага белгисиз төрт адам кол салып, дрондун пультун жана 1,5 млн сом турган техниканы тартып алышкан. Ал учурда Ош милициясы кол салган балдар — «Матраимовдун үй-бүлөсүнүн жакындары» экенин кабарлаган.

Кулчуманов арыз жазып, милиция анын негизинде «Карактоо» беренеси боюнча териштирүү иштерин баштаган. Бирок, Матраимовдордун жакындары да арыз жазып кайрылышкан — алардын айтымында, Кулчумановдун дрону багбанчысынын башына кулап түшкөн.

4-октябрда Оштун сот-медициналык эксперттери Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн багбанчысынын баш мээси чайкалган деген диагноз коюшкан. Ал эми Кулчумановдун жараат алганын аныкташкан эмес. Мындан кийин «Азаттыктын» редакциясы Башкы прокуратура менен ИИМден ишти Бишкекте иликтөөнү суранган.

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары. Анын үй-бүлөсү өлкөдөгү эң бай жана эң таасирлүү деп саналат. Жазында «Азаттыктын» журналисттери Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөө чыгарышып, буга Матраимовдор тиешелүү болушу мүмкүн деп билдиришкен.