УКМК ИИМдин эки кызматкерин кармады — алар жеке ишкердин машинасына баңгизат ташташкан деп шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын эки кызматкери кармалды. Алар тергөө абагына киргизилди.

УКМКнын версиясы боюнча, алар бир аял менен көмүскө бүтүмгө барышып, анын мурдагы күйөөсүнүн машинасына 32 грамм гашиш ташташкан.  Ал андан кийин баңгизат сактаган делип кармалган.

«Тергөө Бишкек ШИИББнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Анда жеке ишкерге бизнесин рейдерлик басып алуу максатында буйрутма боюнча куугунтуктоо кылынган», — деп айтылат УКМКнын катында.

Кармалган кызматкерлерге каршы «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмыш жасады деп мыйзамсыз айыптоо», «Далилдерди бурмалоо» жана «Жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлоо» беренелери боюнча иликтөө жүргүзүлүүдө.