Бийлик Ооганстандын Памириндеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди

Өкмөт Ооганстандын Памириндеги этникалык кыргызстарга гуманитардык жардам жеткирүүгө беш миллион сом бөлгөн. Жүктүн жалпы салмагы 70 тоннаны түздү.

Жыл сайын Кыргызстан Памир тоолоруна экспедиция жөнөтүп турат. Экспедиция ал жакта жашаган кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирет.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, экспедиция этникалык кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештерин, дары-дармек, медициналык буюм жана башка эң эле керектүү товарларды жеткирген.

«Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү», — деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле экспедициянын мүчөлөрү ооган кыргыздары менен балдарга Кыргызстандын аймагында билим берүү маселесин талкуулашкан.

«Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 48 этникалык кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген. Арадан болжолдуу жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.

Алар тарыхый мекенинде жашоодон көңүлдөрү калып калганынын башкы себептери катары бийлик менен өз-ара түшүнбөстүктү, начар жашоо шарты менен сиңишип кетүүгө мүмкүн болбогондугун аташкан.

Мурдараак Нарындагы памирлик кыргыздар жан багууга акча табуу үчүн базарларда картон чогултууга аргасыз деген маалымат ЖМКларда пайда болгон.

Октябрда Орусияда иштеген кыргызстандык 2018-жылы Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген оогандык кыргыздардын үй-бүлөсүнө өз үйүн белек кылган.