Журналист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Айтикеев Швецияда — ЖМК

«Азаттык» басылмасы өз маалымат булактарына таянып 17-октябрда маалымдагандай, журналист жана Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикев үй-бүлөсү менен Швецияда жүрөт. Ал Кыргызстандан кантип жана качан кеткени так айтылган эмес.

Мурдараак ЖМКлар Айтикеевди милиция кармады деген маалымат таратышкан. Бирок ИИМ кийинчерээк бул билдирүүнү төгүндөгөн. Ведомстводон журналист суракка чакырылбаганын, бирок ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу тууралуу иш боюнча күбө катары өтүүдө деп кошумчалашкан.

Айтикеев — Атамбаевдин жигердүү тарапташы. Ал мурдагы президенттин резиденциясы штурмга алынып жаткан учурда түз эфир алып көрсөткөн. Кой-Таштагы үйдү штурмга алуу жана Атамбаевдин тарапташтары менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуунун айынан укук коргоо органдары бир нече кылмыш иштерин козгошкон.

Ушул иштердин негизинде милиция жанан УКМК Атамбаевдин тарапташтарын суракка ала баштаган: депутат Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны, КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева жана Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевди.

Атамбаевдин айрым үзөңгүлөштөрү кармалган, мисалы, кеңешчиси Фарид Ниязов УКМКнын спецназынын офицерлерин барымтага алуу иши боюнча 5-декабрга чейин камакта калтырылган.

Атамбаев өзү Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча коррупция айыптары менен камакта. Мындан тышкары, мурдагы президент укук коргоо органынын кызматкерлерине зомбулук көрсөтүү, массалык баш аламандыктарды уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алуу боюнча шектелүүдө.