Бийлик өкүлдөрү Оштогу ундун баасынын кымбатташын көзөмөлдөйт

Ош жана Жалал-Абад шаарларында октябрь айынын орто ченинен тарта ундун баасы кымбаттап кеткенин «Азаттык» басылмасы кабарлаган. 50 килограммдык бир кап ундун орточо баасы учурда 300 сомго кымбаттаган.

Набайканалардын биринде иштеген Барчынай Максутова «Клоопко» кабарлагандай, азырынча нан эски баа менен сатылып жатат.

«Алгач ун 1220 сом болчу, кийин 1500 сом болду. Унга болгон баа көтөрүлгөндө, биз да нандын баасын кымбататтуубуз керек эле. Бирок кардарларыбызды жоготуп албайлы деп көтөргөн жокпуз», — деп түшүндүрдү Максутова.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүм башчысы Жанболот Айбашов «Клоопко» ундун баасы бардык аймактарда 12 пайызга көтөрүлгөндүгүн тастыктады.

«Казакстандан алынып келинген унга баалар көтөрүлдү. Кымбаттады деп набайчылар айтып жатышкандыр, анткени алар Казакстандан келген унду пайдаланышат. Ал эми карапайым керектөөчүлөр көбүнесе Кыргызстандан чыкканды алышат. Азырынча аларда нааразычылыктар жокко эсе», — деди Айбашов.

Айбашов ундун бааларын төмөндөтүү үчүн водомство 20 пайызга көтөрүлгөндө гана чара колдоно алаарын кошумчалады.

Материалдык резеврдер боюнча фонддун өкүлү Каныбек Айдаров ундун кымбатташы боюнча меселе «жакында» карала турганын билдирди.

«Биз унга болгон баанын көтөрүлгөнүн көзөмөлдөп жатабыз. Жакын арада бул маселе Монополияга каршы комитетет жана Айыл чарба министрлиги менен биргеликте каралмакчы. Бир чечимге келебиз», — деди Айдаров.

«Акун» компаниясынын негиздөөчүсү Чыныбай Турсунбеков ундун кымбатташын Казакстанда буудай түшүмү начар болгондугуна байланыштырды.

«Баардык нерсе түшүмгө жараша болот. Казакстанда быйыл кургакчылык болгондугу үчүн түшүм жакшы эмес. Жамгыр дээрлик түшүм жыйнаар маалында гана болуп, бул жагдайлар Казакстанда да ундун кымбатташына себеп болду», — деп түшүндүрдү Турсунбеков.

Кыргыз тегирменчилери кыргыз буудайларынын сапаты жакшы эмес болгондуктан, буудайды Казакстандан алганга аргасыз.