Бишкекте автобус айдоочуларынын жарымынан көбү жол эрежеси боюнча сынактан өтпөй калды

Айдоочулар үчүн пландан тышкары сынак 9-октябрдан тарта 11-октябрга чейин болуп өткөн. Ага 340тан ашуун автобус айдоочулары катышкан.

Сынактын жыйынтыктарына ылайык, 188 адам керектүү балл топтой албай калган, ал эми 24 айдоочу «жөнү бар себептер менен» экзаменге келбей калган. Тестти биринчи аракет менен тапшыра албай калган айдоочулар дагы бир ирет сынак тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Экинчи тест 15-16-октябрда өтүп, аны автобус айдоочуларынын бардыгы ийгиликтүү тапшырышкан.

Миллион калкы бар Бишкек үчүн автобустар менен троллейбустардын саны жетишсиз. Борбор калаада 13 автобустук жана 11 троллейбустук маршрут гана иштейт. Ар күн сайын шаардык каттамга 140 автобус жана 135 троллейбус чыгат.

Бирок, жаңы автобустар менен да баары дурус эмес — кээ бир маршруттар аялдама жок көчөлөрдөн өтөт, ал эми транспорт өзү бешик араба менен жүргөн ата-энелер жана майып адамдар үчүн ылайыкталган эмес.