КСДПнын мүчөсү Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылды

КСДПнын мүчөсү жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жигердүү тарапкери Темирланбек Султанбеков Башкы прокуратура анын арызын карап чыгуу үчүн кабыл алганын кабарлады.

Султанбеков арызында тергөөчүлөрдөн учурдагы депутат, парламенттин мурдагы спикери жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери болуп турган учурунда депутаттар Бишкек ЖЭБин жаңыртуу боюнча келишимди карап, андан кийин кабыл алышкан.

Султанбековдун пикиринде, Бишкек ЖЭБин жаңыртуу боюнча документтеги «каталарды жана так эмес жерлерди оңдоого» жана келишимдин өзүн изилдөөгө депутаттардын аз дегенде бир жарым ай убактылары болгон.

«Бирок спикер Асылбек Жээнбековдун чечими менен парламент мыйзамды бир айдын ичинде кабыл алып берген», — деп жазган Султанбеков.

Анын айтымында, Жээнбеков «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамды бузган, ошондуктан ЖЭБди жаңыртуу бузуулар менен өткөрүлгөн. Султанбеков экс-спикерге карата «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Шалаакылык» беренелери менен кылмыш ишин козгоп, камакка алыш керектин билдирди.

Анын айтымында, башкы көзөмөл орган берген арызын каттоого алган.

Бийлик Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияны 2018-жылдын январындагы авариядан кийин иликтей баштаган. Ал кезде шаардагы көп батирлүү үйлөр бир апта бою жылуулуксуз калган. Бир нече айга созулган тергөөдөн кийин мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков, экс-каржы министри Ольга Лаврова, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жана башка аткаминерлер камакка алынган.

Парламенттин депутаттары 2019-жылы жайында Алмазбек Атамбаевди ЖЭБди жаңыртуудагы коррупцияга айыпташкан. Бул аны экс-президенттик макамдан жана кол тийбестиктен ажыратууга, андан соң үйүн штурмга алуу операциясын өткөрүп кармоого бирден бир себеп болуп берген.