Мамкомиссия Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жашыруун кылып коюшу мүмкүн

Конституциялык соттун экс-судьясы жана Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамкомиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, эксперттердин корутундусуна «жашыруун» белгиси тагылышы мүмкүн. Сооронкулованын бул «туура эмес» деген пикирде.

«Документ парламенттин жыйынында ачык тартипте талкууланышы керек», — деди ал.

Сооронкулова кошумчалагандай, УКМК жана ИИМдин документтеринде мамлекеттик сыр же анын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган маалыматтар жок.

«Ал эми массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча айып тагылгандар тууралуу айтсак, негизинен президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязов, [Атамбаевдин тарапкерлери] башкалары — Амантур Жамгырчиев жана Кыяс Саматов тууралуу, анда комиссиянын мүчөлөрү алар менен маектешишет болушу керек», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин анын комиссия боюнча кесиптештери иштин жыйынтыгы 1-ноябрга чейин ачыкталаарын кабарлашкан, бирок Сооронкулова топтуун иши узартылышы мүмкүндүгүн билдирди.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооп» өкмөттөн комментарий ала алган жок.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссия өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен 29-августта түзүлгөн. Аны биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жетектеген. Анын курамына жети депутат, анын ичинде Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Комиссия укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин ортосундагы кагылышты иликтеп жатат. Окуя 7-августта болгон. Атамбаевди кармоо учурунда бир спецназчы каза таап, 100го чукул адам жарадар болгон.