Санкт-Петербург: Сегиз адам жабыркаган жол кырсыктын катышуучуларынын бири кыргызстандык болушу ыктымал

Орус ЖМКлары Санкт-Петербургдун Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматына таянуу менен, авария 23-октябрда болгонун билдиришти. Жол кесилишинде «Рено» менен «Фольксваген» автоунаалары кагылышкан.

«Жол кырсыгында сегиз адам жабыркады. Жети жөө жүрүүчүнүн абалы оор, бирок жеңил деңгээлде. “Ренонун” айдоочусу оор абалда», — деп жазды «РИА Новости» басылмасы.

Жол инспекциясынын маалыматы боюнча, «Фольксваген» унаасынын айдоочусу кызыл түстөгү жол чыракка айдап, «Ренону» сүзгөн. Мындан улам экинчи унаа оодарылып, жөө кыядан өтүп бараткан адамдарды сүзгөн.

«Фонтанка» басылмасы кабарлагандай, «Фольксвагенди» Кыргызстандын жараны Сухбатулло Кыргызбаев башкарган.

«Сухбатулло Кыргызбаев Орусияда көптөн бери жашайт. Петербургга бир нече жыл мурун Волгограддан келген. Ал Ош шаарынын чет жакасындагы Шарк калктуу конушунда туулган», — деп билдирген басылма.

«Фольксвагендин» жүргүнчүсү Алишер Касымжанов НТВ телеканалына берген интервьюсунда Кыргызбаев мас абалында болбогонун жана жол кырсыгы орун алган учурда телефондо сүйлөшпөгөнүн айткан.

«Биз баратканда телефондо кат жазышып баштаган элем. Эч нерсе эсимде жок. Мени [унаадан] алып чыгышты, өзүмө жаңы эле келдим», — деп билдирген ал.

Жабыркагандарды Санкт-Петербургдагы төрт ооруканага жеткиришкен. «Фольксвагендин» айдоочусу кармалып-кармалбаганы азырынча белгисиз.