Исаев Ширин Айтматованы сотко берүүгө камынууда

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев 24.kg маалымат агенттигине курган маегинде, экс-депутат жана активист Ширин Айтматованы жана анын «Үмүт-2020» кыймылынын мүчөлөрүн сотко берээрин билдирди.

Айтматова 27-октябрда Токмок шаарындагы мамлекеттик китепкананын сатылып кетишине Исаевдин тиешеси бар экендиги тууралуу видео жарыялаган. Исаев Айтматованын видеосундагы маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп эсептейт.

«Токмоктогу муниципалдык китепкананын имаратын өткөрүп берүү тууралуу чечимди мен кызматка шайлана электе эле шаардык кеңеш чыгарган. Ошондой эле, имарат архитектура эстелиги болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал маданий-тарыхый объекттердин тизмесинен чыгарылган болчу», — деп айтты Исаев.

Ширин Айтматова болсо твиттерде «сотко даярданып жатканын» жазды.

Исаевге каршы кылмыш иштер

Токмок шаарындагы мамлекеттик китепканасынын имараты 2010-жылы, Канат Исаев бул шаардын мэрлик кызматын ээлеп турганда сатылып кеткен. 500 чарчы метр участогу бар болгон китепкана жеке адамдарга 572 сомго сатылган эле.

Ошол эле жылы китепкананын сатылып кетиши үчүн Исаевге каршы кылмыш иш козголуп, бирок Чүй облустук прокуратура ал ишти жоготуп алган.

2017-жылы, Исаев оппозицияда болуп турганда бул иш кайрадан жандандырылган. Тергөө ишенгендиргендей, китепкананын базар баасы 2010-жылга карата 1 млн сомду түзгөн эле.

«Китепканалык иш» 2011-жылы Исаевге каршы козголгон башка кылмыш ишине бириктирилген. Тергөөнүн айтымында, саясатчы мэр болуп турганда, Токмокко автобекеттин курулушуна жалган тендер өткөрүп, ошону менен мамлекетке миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтирген. Исаев бул иштер боюнча айыптоолорду төгүндөгөн.

Исаев 2017-жылдагы президенттикке ат салышуу учурунда бийликти басып алууга айыпталып, кармалган.

2018-жылдын июль айында Бишкек шаардык соту депутат Канатбек Исаевди үй камагына чыгаруу токтомун чыгарган. Кийинчерээк ага каршы козголгон иштер токтотулуп, ал мурдагы — парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты кызматына кайтып келген.