Экс-мэр Түлеев атасынын Ататүрк паркынан алган жери тууралуу айтып берди

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев атасы Ататүрк паркынан жер участогун 2004-жылы алганын билдирди. Анын айтымында, ошол убакта судьялар Чыгыш-5 кичирайонундагы алынган участоктун ордуна соттун чечими менен атасына ушул жерди беришкен.

Экс-мэр Kaktus.Media басылмасына курган маегинде билдиргендей, анын атасы Ташболот Түлеевге жер тилкени берүү тууралуу чечимди 15 адамдан турган комиссия чыгарган.

Маанилүү: Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэрлик кызматында иштеп жатканда Ататүрк паркындагы 21 жер участогун жеке колдорго бөлүп берген. Участоктордун бирөөсү анын атасына да тийген. Түлеев өзү болсо жерлерди берүү фактысы боюнча «Клоопко» да, Kaktus.Media басылмасына да комментарий берген жок.

Түлеев түшүндүрүп бергендей, анын атасы Чыгыш-5 кичирайонундагы алынган жердин ордуна парк аймагынан участок алган. Ал далил катары редакцияга соттун токтомунун сүрөттөрүн да берген — анда мэрия анын атасына жер бөлүп бериши керек болгон.

Экс-мэр кошумчалагандай, анын атасы парктан алган участокко курулуш жүргүзбөй, аны муниципалдык менчикке кайтарып берген.

«Аны мыйзамсыз бир нерсеге айыптоо туура эмес деп эсептейм. Ошондой эле буга катуу көңүл коюу да [туура эмес], анткени шаардык кызматтар өз иштерин ак ниет аткарышып, соттун чечиминин аткарылышын камсыздап беришкен», — деди ал.

Түлеев кошумчалагандай, ал калаанын башчылык кызматында иштеп турганда «Ататүрк атындагы парк үчүн бир топ күрөш жүргөн эле».

«Ошол убакта Ататүрк паркын активдүү кургатышкан, ирригациялык тармак бузулган, дарактардын жоон тамырларына мунай өнүмдөрүн куюу фактылары аныкталган», — деп айтты экс-мэр.

Ал паркты иретке келтирүүнү тапшырганын жана «бир жылга жетпеген аралыкта» ал жакта фонтан курулуп, мындан тышкары жолчолор, отургучтар жана жарык чырактар ремонттолгонун кошумчалады.

Ататүрк паркындагы жерлердин берилиши

Түлеев парктагы 21 жер участокту жеке колдорго берген. Алгач, 2008-жылы ал учурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын айланасындагы участокторду саткан. Алгач бул жерлер чет элдик делегациялар үчүн мейманканалык комплекстин курулуш ишине деп президенттин иш башкармасына бөлүп берилген. Түлеев ошондой эле парктын чет жакасындагы эки жер тилкесин жеке менчикке берген.

Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген. Экинчи участокту Талантбек Усупбеков алган. Ал 2017-жылдын аягында «Дос-Кредобанктын» акционери болгон. Ошол убакта директорлор кеңешинин төрагасы Түлеевдин уулу болгон — ал кийинчерээк банктын башкы акционери болгон.

2012-жылдын июнунда, ошол убакта парламенттин депутаты болуп турган Нариман Түлеев коррупция боюнча кармалып, ага карата өзүнчө иштин алкагында камакка алуу өкүмү чыгарылган. Ал 2016-жылы бошотулгандан кийин, бийлик ага жана анын туугандарына таандык болгон кыймылсыз мүлк менен кымбат баалу автоунааларды конфискациялаган. Түлеев атасына берген жер да алынган. Азыр ал участок мэрияга таандык жана бош бойдон калууда.