Баткен: Жумуштан кетүү боюнча арыз жазган дарыгерлер ойлорунан кайтышты

Маалымат саат 18:00дө жаңыртылды.

«Азаттык» үналгысынын Баткен облусундагы кабарчысы билдиргендей, арыз бир жума мурун жазылган. Анда облустук оорукананын кызматкерлери ондон ашуун себепти көрсөтүшкөн. Анын ичинде айлык маянанын аздыгы, иштөө шартынын жоктугу жана негизсиз текшерүүлөрү бар.

Оорукананын башкы дарыгери Нурлан Салиев «Клоопко» билдиргендей, оорукананын 47 кызматкери иштен кетүү тууралуу арыз жазган. Бирок 30-октябрда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин алар баштапкы ойлорунан кайтышты.

«Дарыгерлерге түшүндүрдүк, убадаларды бердик. Айлык маяналарын азыр көтөрө албайбыз. Талаптарын бара-бара аткарабыз да», — деп айтты Салиев.