Сот Турсунбек Акундун «Апрелге» каршы койгон дооматын четке какты

Бишкектин Октябрь райондук соту экс-акыйкатчы Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына жана журналист Канат Каниметовго каршы койгон доосун кароодон баш тартты. Бул тууралуу Акун «Азаттык» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, сот «материалдар толук берилбегендиги» үчүн ушундай чечим чыгарган. Бирок, Акундун пикирине ылайык, адвокатында аудио жана видео материалдардан турган далилдер бар.

«Биз сотко бардыгын алып барып бердик. Бирок Октябрь райондук соту арызды карабай жатат. Ошондуктан биз арызды кайра башка райондук сотко беребиз», — деп билдирди Акун.

Ал Октябрь райондук соттогу баш тартуудан улам Судьялар кеңешине арызданууну пландап атканын кошумчалады.

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы менен журналист Канат Каниметовго каршы 2019-жылдын июлунда арызданган. Ал телеканалдан 500 миң, ал эми журналисттен 100 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Доонун коюлушуна 2019-жылдын 6-майындагы сюжет себеп болгон. Анда Азиз Батукаевдин тууганы Хава Хамидова күйөөсү Акунга кримтөбөлдүн бошотулушу үчүн 100 миң доллар бергени тууралуу айтылган.

Каниметов «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, Батукаевдин эжесинин интервьюсу 2014-жылы «МК-Азия» гезитинен алынган, алар аны болгону булакты көрсөтүү менен кайра басып чыгарышкан.

Батукаевдин бошотулушу

Турсунбек Акун Азиз Батукаевге колониядан чыгып, өлкөдөн качып кетүүгө жардам берген деген айыптоолордун шартында 2013-жылы акыйкатчы кызматынан кеткен. Акун бул айыптарды четке кагып, кийин Батукаевдин бошотулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөн.

«Мыйзамдагы ууруну бошотуу боюнча кампаниянын башында Атамбаев турган», — деп билдирген Акун.

Акун кошумчалагандай, кримтөбөлдүн бошотулушуна президент Атамбаевдин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев жана аппараттын бир бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев да тиешелүү. Акыркысы учурда «Интерпол» аркылуу издөөгө жарыяланган.