Тажикстанда кармалган Баткендин тургунун кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө

Маалымат саат 12:05те жаңыртылды.

Депутат Таабалды Тиллаев 30-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда Баткен районунун Таш-Тумшук айылынын тургуну Тажикстанда кармалганын билдирди. Анын айтымында, 34 жаштагы Асылбек Каримовду коңшу өлкөнүн атайын кызматы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармаган.

«Баткенде чек ара жок, элдер кылымдар бою ансыз жашаган. Биз коңшу өлкөнүн аракеттерин түшүнгөн жокпуз», — деп билдирди ал.

Тиллаев спикерден кыргызстандыкты кайтаруу боюнча тапшырма берүүнү өтүндү.

Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Клоопко» Баткендин тургуну Тажикстанда кармалганын тастыктады.

«Бизге Тажикстандын чек ара кызматынан кыргызстандыктын 24-октябрда кармалганы тууралуу кабар келген. Учурда тажик тарап менен аны кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди Бөрүбаева.

Ал кошумчалагандай, чек араны кесип өтүү тартибин бузгандыгы үчүн Кыргызстандын жаранына айыппул салынышы мүмкүн.

Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» маалымдагандай, кыргызстандык коңшу өлкөнүн Чарко базарына өрүк сатууга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Дайынсыз жоголуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.