Аскер прокуратурасы Атамбаевдин уулунун кеңсесине барды

Аскер прокуратурасынын эки кызматкери «Автомашэнерго» компаниясынын башкы кеңсесине барышкан. Бул компанияны мурдагы президенттин уулу Сейитбек Атамбаев жетектейт.

«Апрелдин» журналистинин айтымында, аскер прокуратурасынын кызматкерлери кеңсенин эшиктерин жаап алып, журналисттерди киргизбей коюшкан. Кеңседе компаниянын адвокаты жана Сейитбек Атамбаев өзү болгон.

Атамбаевдин уулунун адвокаты Жаманкул Жунусов «Апрелдин» эфиринде билдиргендей, аскер прокуратурасынын кызматкерлери кеңсеге соттун документтерди алып коюу тууралуу токтому менен келишкен. Анын айтымында, аскер прокуратурасы «2003-жылдан ушул жылга чейинки документтерди көргүсү келет».

Жунусов аскер прокуратурасынын кызматкерлери Конституцияны жана Жазык-процессуалдык кодексти бузушту деп эсептейт.

Сейитбек Атамбаев өзү «ачыкка чыгарбоо тууралуу кол кат бергенин» билдирди. Анын айтымында, прокуратуранын кызматкерлери «документтерди ушул же кийинки аптада алып кетишет».

Ал өзүнүн бизнес акыйкатчы Орд Смитке карата кайрылуусунда муну «рейдерлик басып алуу аракети» деп атаган.

«Жеке ишкерликке тоскоолдук кылууну куугунтукталып жаткан саясий ишмер Алмазбек Атамбаевдин улуу катары мага карата саясий куугунтук деп кабылдайм», — деп жазган ал.

Башкы прокуратурадан «Клоопко» курган маегинде маалыматты «аныктап» жатышканын билдиришти.

«Бул тинтүү эмес окшойт. Балким, бул түшүндүрүү максатында [жасалган], анткени бухгалтердик материалдар берилиши керек болчу», — деп билдиришти ведомстводон.

Буга чейин Сейитбек Атамбаев 7-8-августта болуп өткөн мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу иши боюнча күбө катары ИИМге суракка чакырылган эле.

Бийликтин маалыматына боюнча, Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда 170 адам жабыркаган, алардын 79у — бул укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Ал учурда жүрөккө тийген октон улам «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза таап, ал эми Чүй ИИБнин башчысы Самат Курманкулов башына таш тийип комага түшүп калган.