Билим берүү министрлиги мугалимдерге айлык чегерүүнү автоматташтырат

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2020-жылдын 1-январынан тарта бала бакча, мектеп, чыгармачылык борборлор жана кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдерине айлык чегерүү автоматташтырылат.

Ведомствонун маалыматына ылайык, автоматташтыруу бюджеттик каражаттарды натыйжалуураак колдонууга жана ыксыз маяна төлөөлөрдү аныктоого жардам берет.

Ведомствонун басма сөз катчысы Марина Гречанная «Клоопко» түшүндүрүп бергендей, мугалимдин иш сааттарынын санын, адистигин жана кошумча төлөмдөрдү эсепке алган маяналарды эсептөө боюнча программа түзүлөт.

«Тагыраагы муну бухгалтер эсептебейт, программага баланча-түкүнчө саат иштеген адам мынча же тигинче айлык алат деген маалыматтар киргизилет. [...] Бүгүн биз эбегейсиз көп кагаздарды алып жатабыз, аларда ошонун баары жазылуу, ал эми калганын система байкап көзөмөлдөп турат», — деди ал.

Анын айтымында, ведомство программалык камсыздоого техникалык тапшырма иштеп чыгып, системаны түзүү үчүн тендер уюштурган.

«Андан ары компания менен программчылар бул кандай иштээрин сунушташат», — деди ал.

Программанын «пилоттук» версиясы ноябрь айынан тарта Ысык-Ата жана Түп райондорунун, анын ичинде Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмдөрүндө ишке киргизилип, ал эми 2020-жылдын 1-январынан тарта долбоор өлкө боюнча иштей баштайт.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, октябрдан тарта бийлик билим берүү тармагындагы кызматкерлердин маяналарын кайра эсептейт, анткени маяна 30 пайызга өскөн.