Бир цитата менен: Сапар Исаков Атамбаев менен мамилеси тууралуу


«Алмазбек Атамбаевдин ар бирибиздей эле өз кемчиликтери бар. [...] Атамбаевди 2007-жылдан бери тааныйм. Өлкөнүн кызыкчылыктарын коргоо жана коррупцияны жек көрүүдө ал принципиалдуу. Аны менен дос болгон саясатчылардын бардыгы аны сатып кетишти. 2013-жылы кызматтан кетүү арызын жазгам, бирок, териштирип чыгып, Алмазбек Атамбаев алдымда кечирим сурады. Биз аны менен дайыма уруша кетчүбүз, муну күбөлөр деле тастыктап бере алышат».


Мурдагы премьер-министр мындай билдирүүнү Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча сотто жасады. Исаков — бул иш боюнча айыпталып жаткандардын бирөөсү. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал ЖЭБдин модернизациясы боюнча долбоор үчүн TBEA кытайлык компаниясын сүрөмөлөгөн. Исаков өзү күнөөм жок деп эсептейт.

Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, коргоп жаткан адамына каршы тагылып жаткан айыптардын биринде «мамлекет башчысына жагынууга умтулуу» жана «карьералык ниет» мотив катары көрсөтүлгөн. Исаков өз сөзүндө муну четке кагууга аракет кылган.

Сапар Исаков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөшү. Ал Атамбаев өлкөнү башкарып жаткан убакта премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Президенттик кызматка Атамбаевдин мураскери Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин Исаков кызматтан алынып, тергөө абагына камалган. Атамбаевдин башка үзөңгүлөштөрү да камакка алынган.

Исаковдун жана мурдагы президенттин башка үзөңгүлөштөрүнүн иштери Жээнбеков менен Атамбаевдин ортосунда олуттуу жаңжал бар экендигинин белгиси болгон. Кийинчерээк мурдагы жана учурдагы президенттин ортосундагы араздашуу 2017-жылдагы шайлоодон кийин башталганы түшүнүктүү болгон.

Бул араздашуу Атамбаевди кармоого, коррупцияга жана башка кылмыштарга айыптоого алып келген. Учурда мурдагы президент да ТИЗОдо кармалууда.