Бишкекте жаңы кайгуул милициясы иштеп баштады

Жаңы кызмат 31-октябрдан тарта иштеп баштады. Командалык борбордун ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков, ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, шаардын мэри Азиз Суракматов жана ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов катышкан.

Кайгуул милициясынын командалык борборунда 112 адам иштейт. Алардын милдеттерине адам жүзүн тааныган функциясы бар камералардын жардамы менен коомдук тартипке байкоо жүргүзүү кирет. Эгер кызматкерлер тартип бузууну аныкташса, анда алар окуя болгон жерге чыгышат. Милиция бул кылмыштардын бетин ачууга жардам берет деп үмүт кылат.

Жаңы кайгуул милициясынын кызматкерлери коомдук тартипти камсыздап, жол кырсыктарынын себептерин аныктап, уурдалган автоунааларды издешет жана чет өлкөлүк делегациялардын расмий сапарлары учурунда аларды коштоп жүрүшөт.

ЖКККББнын башчысы Азамат Исраилов борбордун ачылышында билдиргендей, Бишкек чарчыларга бөлүнөт, ар бир чарчыга автопатрулдан жана жөө патрулдан турган экипаж бекитилет. Ал кошумчалагандай, келечекте ЖКККББ кайгуул милициясына алмашат.

Ал эми ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев жаңы патрулдук милиция баштапкы этапта Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунун аймактарында иштей турганын билдирди.

Кийинчерээк, жаңы кызматтын катарында туристтик жана атчан милиция отряддары пайда болот.

Жаңы патрулдук милиция

2019-жылдын май айында Бишкек ЖКККББсын Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына (МККБ) реформалоону чечишкен. Жаңы кызматтын курамы конкурстук тандап алуу боюнча аныкталып, кызматкерлердин үчтөн бирине чукулун жарандык адамдар түзүшөт.

Кызматтын талапкерлерин физикалык даярдыкка, тил билүүгө текшеришип, ИИМ академиясында үч ай окутушкан.

Бул кайгуул милицияны реформалоонун бешинчи аракети. Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол маалдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

Буга чейин мекеме ар башка убакта Кайгуул посттук кызматы (КПК), Жол кайгуул кызматы (ЖКК), Мамлекеттик авто инспекциясы (МАИ), Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) деген аттарга ээ болчу.