Айлыкты көбөйтүү жана жаңы батирлер: Президент милицияны 95 жылдыгы менен кантип куттуктады?

Президент Сооронбай Жээнбеков 1-ноябрда Филармонияда кыргыз милициясын 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, аларды «Даңк» медалдары менен сыйлады. Мамлекет башчысы милициянын ишиндеги артыкчылыктуу багыттар, «Коопсуз шаар», ишкерлерди коргоо жана башкалар тууралуу айтып берди. Биз анын куттуктоосундагы урунтуу учурларын баяндап беребиз.

«Бирдиктүү терезе», «Коопсуз шаар» жана жаңы кайгуул милициясы

«Бирдиктүү терезе» тартибинде кызмат көрсөтүү республиканын бардык аймактарында иштеп жатат. Муну менен жарандардын жана кызматкерлердин ортосундагы түз байланыштар чектелип, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюлууда.

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды. Жылдын аягына чейин кошумча 300дөн ашык видео байкоо камералары орнотулат. Бул жол кырсыктарынын санын мындан ары да азайтууга мүмкүндүк берет.

Бишкектин эки районунда жаңы кайгуул милициясы иштеп баштады, ал эми кийинки жылы мындай кызмат Кыргызстандын бүткүл аймактарында пайда болот.

Кадрдык өзгөрүүлөр

Мурдагы жылы ИИМдин облустук башкармалары жана негизсиз кеңейтилген борбордук аппараты кыскарган. Бошогон кызмат орундары айылдарга аймактык бөлүмдөрдү бекемдөө үчүн өткөрүлүп берилген.

Жашы жете элек балдар менен иштөө боюнча кызматкерлердин саны өскөн. Участкалык инспекторлордун санын көбөйтүш керек — алар калк менен түздөн-түз иштешет.

Жаңы батирлер жана маяналарды көбөйтүү

Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн республиканын бардык аймактарында көп кабаттуу турак-жайларды куруу иштери улантылат. Келээрки жылы Бишкек, Ош шаарларында жана Нарын облусунда жайгашкан алты үйдүн курулушу аяктайт. Милиционерлерге 516 жаңы батирлер берилет.

2020-жылдын январынан тартып жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, өзгөчө ылдыйкы звенодогу кызматкерлердин айлыгы бир кыйла көбөйтүлөт.

Уюшкан кылмыштуулукка, наркотрафикке каршы күрөшүү жана ишкерлерди коргоо

Уюшкан кылмыштуулукка жана криминалитетке каршы туруктуу күрөшүү керек.

Наркотрафикке каршы күрөш боюнча биздин өз жарандарыбыздын гана эмес, коопсуздук боюнча чогуу аракеттенген өнөктөш өлкөлөрүбүздүн алдында да милдеттерибиз бар.

Бизнести коргоо — силерге өзгөчө тапшырма. Мыйзамсыздыкка жол бербей, бизнеске коопсуз шарт түзүш керек. Ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылбасак — бюджеттин көбөйүшү, эмгек акынын, пенсиянын, жөлөкпулдардын жогорулашы мүмкүн эмес. Ишкерлер айрым учурда милиция кызматкерлерине ишенимдеринин жоктугунан түзмө-түз өлкө жетекчилигине кайрылууга аргасыз болуп жатышат.

Жарандардын ишеними

Реформанын ийгилигин, милициянын ишин эң объективдүү баалаган фактор — бул элдин ишеними. «Менин милициям мени коргойт» деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет.

Элдин үмүтүн акташ үчүн милиция кесипкөйлүктү жогорулатуу менен катар, өз катарынардагы коррупцияны да жоюшу зарыл.

Тилекке каршы, ички иштер кызматкерлеринин арасында «бир карын майды бир кумалак чиретет» дегендер да бар. Алар жүрүп жаткан соттук-укуктук реформаларга бөгөт жаратып, коомдун келечегине коркунуч жаратууда.

Милициянын катарында жогорку кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ болгон гана адамдар кызмат кылуусу керек.