Кой-Таш окуясы: Президент Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловду «Эрдик» медалы менен сыйлады

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловду коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн 7-августта штурмга алуу учурунда Курманкуловдун башына таш тийип, комага түшүп калган. Бишкекте анын мээсине трепанация жасалып, эки операция өткөрүлгөн.

Бүгүнкү күндө Курманкулов Москвада дарыланууда. Ал комадан чыгып, учурда үн аппаратынын жардамы менен сүйлөй алат.

«Эрдик» медалы — мамлекеттик сыйлык. Аны менен «адамдарды куткарууда, коомдук тартипти коргоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн кайраттуулук жана эрдик» үчүн сыйлашат.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу эки күнгө созулган — 7 жана 8-август күндөрү. Ошондо төшүнө тийгек октон бир спецназчы каза таап, 170ге чукул адам жабыркаган.