Ошто Эгемендик майрамын уюштурган компания мэриядан акысын ала албай жатканын билдирди

Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Оштун борбордук аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленген. Салтанатты уюштуруу боюнча тендерди Андрей Дробышев аттуу жарандын компаниясы жеңип алып, кызмат акысын 756 миң сомго баалаган. Бирок компания Ош мэриясы аталган каражаттын бир бөлүгүн төлөй электигин билдирди.

Бул тууралуу майрамдык салтанатты уюштурган компаниянын өкүлү Жапарбек Ихматулла уулу «Турмуш» басылмасына курган маегинде билдирген.

«Келишимдин негизинде борбордук аянттагы сахнанын жасалгаларын, музыкалык аппараттарды биз алып келип, ырчы-бийчилерди чакырганбыз. Бирок келишимде көрсөтүлгөн каражат арадан 3 ай өтсө дагы биздин колго тие элек. Тиешелүү жерлерге кайрылсак бири-бирине шылтоолоп жатышат. Негизи акчаны Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы которуп бериш керек болчу», — деди Ихматулла уулу.

Компаниянын өкүлү кошумчалагандай, уюштуруу иштери бүткөндөн кийин мэрия кошумча кызматтар үчүн кайра баштан 36 928 сомго тендер жарыялаган. Бул тендер компаниянын уюштурууга өз эсебинен сарптаган чыгымдарын төлөп берүү үчүн жарыяланып, тендерди кайра Дробышевдин компаниясы жеңген.

Майрамдык иш-чараны өткөрүү милдети Ош шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгына жүктөлгөн. Башкармалыктын жетекчиси Элдияр Кадыркулов «Клоопко» билдиргендей, Дробышевдин компаниясынын эсебине келишимде көрсөтүлгөн 756 000 сом которулган, болгону компаниянын 36 928 сом өлчөмүндө кетирген кошумча чыгымы төлөнө элек.

Ошондой эле ал бул каражат азыр даяр жана аны компаниянын эсебине Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы которушу керектигин кошумчалады.

«Негизинен башында 700 миңден ашык акчага келишим түзүлгөн. Бирок иш чара өткөрүлүп жатканда чыгымдар ашып кетип, [Андрей Дробышевдин] компания өзүнүн эсебинен толуктаган. Биз ал акчаны түздөн түз бере албай, 36 миң сомго кошумча тендер жарыяладык. Жаңы тендерде кайрадан ошол компанияны катыштырып, кошумча келишим түзгөнбүз. Ал акча азыр даяр», — деди Кадыркулов.

Азыркы учурда Ош шаардык муниципалдык башкармалыктын жетекчиси жана башкы эсепчиси жөнү бар себептер менен жумушка чыга албагандыктан акча которуу токтоп турат. Акча которуу үчүн башкармалыктын жетекчисинин жана башкы эсепчисинин колу керек.

Бирок Мамлекеттик сатып алуулар порталында Андрей Дробышевдин компаниясына жогоруда аталган 36 928 сомдон тышкары, келишимде көрсөтүлгөн 756 000 сом акча да которула электигин көрсө болот.