Кыргызстан Жапонияга утулду, бирок тайпадагы экинчи орунун сактап калды — 2022 дүйнө чемпионатынын тандоо баскычы

Жапониянын футболчулары Кыргызстан курамасынын дарбазасына экинчи голун киргизгенден кийин майрамдап жатышат. Сүрөт: Ажар Бакирова / Kloop.kg

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз талаасында Жапония курамасына 0:2 эсебинде утулду. Бирок, команда уттурганына карабастан, 2022-жылы өтө турчу футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандап алуу баскычындагы өз тайпасында экинчи орунду сактап кала алды.

Эки команда тең чабуул койгон футболду көрсөтүштү, бирок Жапония Кыргызстанга караганда стандарттарды аткарууда ийгиликтүүрөөк болду.

Оюндун эсеби 41-мүнөттө ачылды: кыргыз дарабазачысы Кутман Кадырбеков өз айып талаасында оюн эрежесин бузгандан кийин Австриянын «Ред Булл Зальцбург» клубунун форварды Такуми Минамино пенальти тээп, гол киргизе алды.

54-мүнөттө Жапония экинчи голун киргизди: Генки Харагути болжол менен 30 метр алыстыктагы айып стандартынан дарбазанын төмөнкү сол бурчуна таамай сокку узатты.

Оюндун жыйынтыгына карабастан, Кыргызстан курамасы алда канча беделдүүрөөк атаандашы менен тең тайлашып чабуул уюштуруп жатты. Бирок, өзгөчө экинчи таймда, топту ыңгайлуу токтотуу, даярдап алуу жана Жапониянын дарбазасына таамай сокку узатуу менен чоң маселелер болуп жатты.

Эң кооптуу учурларды Мирлан Мурзаев жаратты. Ал оюндун 32-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкуловдун сол канаттан чыгарып берген тобун сокку менен Сюита Гонданын дарабазасын узатты, бирок жапониялык дарбазачы мыкты оюн көрсөтүп, секирик жасап топту чыгарып кете алды.

58-мүнөттө Мурзаев Жапониянын дарбазасына дагы бир сокку узатты, бирок бул жолу анын соккусу оңой окулуп, Гонда үчүн топту кармап алуу кыйынга турган жок.

Экинчи таймдын аягында жапониялыктар ал-күчтөрүн сактап, коргонууга өтүп кетишти. Ушундан улам Кыргызстан курамасы чабуулдарын көп коё баштаган, бирок алардын бирөөсүнөн да майнап чыккан жок.

Кыргызстан курама командасы утулганына карабастан өзүнүн F тайпасындагы экинчи орунун сактап кала алды — тайпанын бирдей убакытта өтүп жаткан башка матчында кыргыз командасынын башкы атаандашы Тажикстан курамасы Мьянмага каршы коноктогу оюнунда 3:4 эсебинде аутсайдерлерге утулуп калды.

Тандап алуу баскычынын кийинки оюну Кыргызстан үчүн Жапонияга каршы беттешине караганда бир кыйла маанилүү болмокчу: команда 19-ноябрда өз талаасында Тажикстанды кабыл алат, Кыргызстан менен Тажикстан курамалары төрт оюн өткөргөндөн кийин бирдей сандагы упайларга ээ.

Тандап алуу мерчиминин кийинки баскычына тайпадан бир же эки команда чыгат, ошондуктан Тажикстанга каршы беттеш өзгөчө маанилүү.