Бишкекте «Антошка» кафеси жарылган күндөн бир апта өткөн соң тез тамактануу жайлары текшериле баштады

Мамэкотехинспекция 15-ноябрда Бишкектин тез тамактануу жайларын өрт коопсуздугуна байланыштуу текшере баштады.

Текшерүүгө 8-ноябрда калаанын борборундагы «Антошка» кафесинин жарылып өрттөнүп кетиши себеп болгон — анда бир адам каза таап, дагы 15 адам жабыркаган.

Жарылууга газ баллон себеп болгон.

Мамэкотехинспекциядан текшерүү канча убакытка созулаары белгисиз экенин кабарлашты — бул «иштин жүрүшү менен белгилүү болот».

Мурдараак ведомстводон пландан тышкаркы текшерүү Экономика министрлиги менен макулдашылгандан кийин гана жүргүзүүлөөрүн билдиришкен.

Буга чейин, 2019-жылдын январынан тарты, Бишкек жана Ошто тамактануу жайларын текшерүүгө убактылуу тыюуу салынган. Мыйзам бизнести өнүктүрүү, инвесторлорду жана ишкерлерди колдоп, аларга «жагымдуу» климат түзүү максатында кабыл алынган болчу.