Кочкор-Атадагы жандандандыруу борборунда бейтаптар сызда отуруп кезек күтүүгө аргасыз — Жалал-Абад

Фейсбуктун Данияр Дурусбеков аттуу колдонуучусу 15-ноябрда «Кочкор-Ата шаарынын Балдар психоневрологиялык бөлүмүнөн бир көрүнүш» деген аталышта сүрөттөр кошулган пост чыгарган. Анын постунан жаш балдарын жана эмчектеги чүрпөлөрүн кармап, бетон тепкичтерде кезек күтүп отурган энелерди көрүүгө болот.

Өз кезегинде бул социалдык тармактардын колдонуучуларынын бүйүрүн кызытып, алар «ооруп келгендер үч-төрт саат сызда отуруп кайра чала жан болуп кетип жатышат» деген нааразы пикирлерин калтырышкан.

«Байкуш энелер, төрөгөн да эне, ооруса да жүгүргөн эне. Сааты менен кезекке жазылып, сааты менен кабыл алышпайбы? Жок дегенде отуруп кезек күтө турган шарт жасап койбойбу оорукананын жетекчиси», — деп комментарий жазган фейсбуктун дагы бир колдонуучусу посттун алдына.

«Клооптун» журналисттери сүрөттөгү имарат Жалал-Абад облусуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборундагы балдардын неврология бөлүмүндө тартылган сүрөт экенин аныкташты.

Аталган борбордун башкы дарыгери Дилбаркан Осорова «Клоопко» маек куруп, борбордо стационардык дарылоо гана каралганын, бирок ага карабай бейтаптар Темирбаев Абылбек аттуу тажрыйбалуу дарыгерге консультация алганы келишээрин айтып берди.

Анын айтымында, күнүгө дарыгерге 50-60ка чукул бейтап кайрылат.

«Биз оорулууларга түндөп келип кезекке турбай эле саат 8:00дө, иш убактысы башталганда келгиле деп түшүндүргөнбүз. Бирок айтсак деле бул көрүнүш кайталанып жатат. Амбулаториялык штат каралбагандыктан биз бейтаптарга кезек күткөнгө жай кылып бере албай жатабыз», — деди Осорова.

Ошондой эле башкы дарыгер борбордун ичинде отургучтар болгону менен жетишсиз экенин айтты. Мындан тышкары, Осорова бейтаптар борбордун сыртында чатырчанын алдында отурушаарын, бирок суук түшкөндүктөн коридорго кирип кезек күтүүгө аргасыз болуп атышканын кошумчалады.