Түркия 23 кыргызстандыкты депортациялайт — аларды ИГИЛге тиешелери бар деп эсептешүүдө

«Хүрриет» басылмасынын маалыматына ылайык, Түркиянын бийлиги 960га чукул адамды депортациялоону пландап жатат, алардын арасында 23 кыргызстандык бар — алар «Ислам мамлекети» террористтик уюмуна тиешелери бар делип айыпталышууда.

Депортациялана тургандардын арасында Казакстандын 10 жараны, 82 өзбекстандык жана 100гө чукул орусиялык бар.

Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, алардын абактарында ИГИЛдин 2,5 миңге чукул мүчөсү бар. Булардын бардыгы өз өлкөлөрүнө депортацияланмакчы.

Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Мурдараак Түркиянын бийлиги АКШнын, Ирландиянын жана Даниянын жарандары депортациялана турганын кабарлаган. Аталган өлкөлөрдүн жарандары да террористтик кыймылга тиешелери бар делип эсептелишүүдө.

Түркиянын бийлиги 2019-жылы террористтик топтордун мүчөлөрүн колго түшүрүү боюнча 1200дөн ашуун атайын иш-чараларды жүргүзгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө 2,7 миңден ашуун адам кармалып, алардын ичинен 800дөн ашууну камакка алынган.