Райымбек Матраимов Кыргызстандан кеткени менен кайтып келүүнү убадалады

Искендер Матраимовдун фейсбук барагында иниси, бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайрылуусу пайда болду. Ага караганда, Райымбек Матраимов аткезчиликке тиешеси жоктугун далилдөө жана укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берүү үчүн Кыргызстанга кайтып келүүнү чечкен.

Ал билдиргендей, анын Абдукадыр менен аткезчиликке байланыштыгы тууралуу журналисттик иликтөө — жалган-жалаа.

«Жалган жалаа, калп маалыматтарды таратуу аркылуу мени курулай жаман көрсөтүү аракетинен улам коомчулукта азыр мага байланыштуу ар кыл пикирлер, уу-дуу кептер тарап кетти. Ушундан улам мен өз өлкөмө кайтып келүүнү чечтим», — деп айтылат билдирүүдө.

Чынында мындан бир нече күн мурда, 22-ноябрда, депутат Искендер Матраимов иниси Райымбек Кыргызстандан кетпегенин айткан. Депутат бул билдирүүнү социал-демократ Ирина Карамушкина коомдук тармактарда Райымбек өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлагандан кийин жасаган.

Райымбек Матраимовдун кайтып келе тургандагы жөнүндө маалымат Райымбек Матраимов Кыргызстандан кеткен эмес деген посттон кийин эле турат.

Бажы башчысынын экс-орун басары үй-бүлөсү менен кошо учуп кетти деген кептер Хабибулла Абдурахман, Райымбек Матраимов жана анын үй-бүлөсүнүн атына жазылган учакка отургузуу талондору коомдук тармактарга чыгып кеткен учурда, тагыраагы өткөн аптада пайда полгон.

Талондо көрсөтүлгөн Хабибулла Абдурахман — Абдурахман кланынын башчысы. Ал Кытайдан Кыргызстанга, андан ары бүткүл Борбор Азиянын жана Орусиянын базарларына миллиондогон долларларга туура эмес таризделген жана декларацияланбаган товарларды ташууга мүмкүндүк берген көмүскө схеманы башкарган.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн кирешесинин кыйла ири суммасы коррупциялашкан мамкызматкерлердин армиясын сатып алууга кетип турган.

Абдукадыр кланы менен байланыштуу аткаминерлердин арасында Матраимовдордун кланы да бар. Журналисттердин булагы, ишкер Айэркен Саймаитинин маалыматына ылайык, дал ошол бажы башчысынын орун басары Райымбек Матраимов Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн параларын чогултуу жана бөлүштүрүү ишин тескеген.