Кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Бахадыр Кочкаров солдон үчүнчү

Футбол чемпионаттарында матчтарды тейлеп дүйнөгө атагы чыккан кыргызстандык судья Бахадыр Кочкаровдун карьерасы аягына чыкканын 26-ноябрда Малайзияда өткөн арбитрларды узатуу боюнча AFC Referees Memento Awards 2020 кечесинде жарыяланган. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы билдирди.

Малайзияда өткөн кечеде Кочкаров футболго кошкон салымы үчүн Азия футбол конфедерациясынын атайын сыйлыгына татыган.

Кочкаров «Клоопко» курган маегинде карьерасын жыйынтыктоо чечимин өзү кабыл алганын айтып, келечектеги пландары менен бөлүштү: «Мындан ары ФИФА жана АФК инспектору болуп иш алып барайын деген пландарым бар. Кыргызстан Футбол федерациясынан да сунуштар түшүп жатат, азыр бул боюнча бир чечимге келе элекмин».

Бахадыр Кочкаров 1970-жылы 13-майда Ош шаарында туулган. Ал футболдогу калыстык карьерасын 1997-жылы баштап, эң алгачкы матчын ошол эле жылдын 26-майында тейлеген.

Кочкаров 2000-жылдардын башында Кыргызстандын чемпионаты жана кубогу сыяктуу турнирлерде башкы калыс катары чыгып, 2010 жана 2014 жылдары Түштүк Африкада жана Бразилияда өткөн Дүйнө чемпионаттарында өзбекстандык Равшан Ирматовдун калыстар тобунда ассистент катары жалпысынан 9 оюнду тейлеген — бул рекорддук көрсөткүч болуп саналат.

Мындан тышкары, Кочкаров Клубдар аралык дүйнө чемпионаттарына, Олимпиадалык оюндарга, Азия кубогу, Конфедерациялар кубогу жана башка ушул сыяктуу турнирлерде калыс ассистенти катары катышкан.

Кочкаров акыркы оюнун 2019-жылдын 10-ноябрында 19 жашка чейинкилердин ортосунда өткөн Тайвань жана Австралия курамалырынын матчында калыстык кылуу менен жыйынтыктады.