Санэкоинспекция таштанды өрттөнгөнү үчүн «Ала-Тоо» ресторанына эскертүү берди

Октябрь районунун Санэкоинспекциясы (СЭИ) Бишкектин түштүгүндө жайгашкан «Ала-Тоо» ресторанын текшерди. Өткөн жекшемби күнү ресторандын аймагында өрт чыккан — мындай караганда, ишканага тиешелүү жайкы кафе күйүп жаткандай сезилген.

ӨКМ таштанды өрттөнгөнүн кабарлаган — бул үчүн айып пул каралган. Бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренеси боюнча, таштанды өрттөө үчүн 23 миң сом штраф салынат. Текшерүүдөн кийин Санэкоинспекция ресторанга эскертүү жасады.

«“Ала-Тоо” ресторанынын администрациясына карата тиешелеүү чаралар көрүлдү, аныкталган бузууларды жоюуга жазма эскертүү жазылып берилген», — деп билдиришти СЭИден «Клоопко».

Таштанды өрттөө айлана чөйрөгө сезилээрлик зыян тийгизет. Мисалы, желим бөтөлкө өрттөнгөндө абага зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Эгер курулуш материалдары күйгөн болсо, алар азоттун, серанын жана фосфордун уулуу курандыларын чыгарып коймок. Алар жада калса өрт өчүрүлгөндөн кийин да кооптуу болушу мүмкүн.

Бишкектин абасы өрт чыгууларсыз эле начар абалда — абанын курамында зыяндуу заттардын чоң концентрациясы бар, өзгөчө азоттун диоксиди жана формальдегиди. Кыргызстандын бийлиги Бишкектеги абанын булганышынын башкы себеби катары жеке сектор менен автоунааларды атап келишет. Жеке турак үйлөр суук мезгилдерде үй жылытуу үчүн көмүр жана отундан тышкары таштандыларды да жагышат.