Чек ара офицери өзү иштеген ведомстводогу коррупция тууралуу айтып чыкты

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 27-ноябрда өзү иштеп жаткан чек ара кызматындагы коорупциядык көрүнүштөр тууралуу билдирди.

Аланов чек ара кызматында 2003-жылдан бери иштеп, андан бери бир топ коррупциялашкан терс көрүнүштөр менен күрөшүп келе жатканын айтты. Ал мисал катары «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдады.

«Ошол жерде иштеген бирөө акчаны топтоп командирге берет, андан ары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасына жетет. Ошондой схема, чынжырча бар. Мага жогорку окуу жайларын бүтүп келген офицерлер келип кайрылышат, “менин ордума акчасы бар бирөө дайындалды” деп. Бул туура эмес», — деди чек ара офицери.

Ошондой эле Аланов үстүбүздөгү жылдын 21-августта кытай жарандарынан турган делегация 620 доллар пара берип, Өзбекстанга кезексиз өтүп кетишкенин билдирген. Ал сөздөрүнө далил катары аскер бөлүгүнүн командирине жазган  баяндамасын келтирди.

«Азаттыктын» маалыматы ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын кызматкерлери да басма сөз жыйынын өткөрүшүп, кесиптешинин айткандарын четке кагышкан. Ал эми ведомствонун Ош облусу боюнча штабынын башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн жалган деп атаган.