Журналист Ош мэриянын үстүнөн прокуратурага арыз жазды

Журналист Гүлзат Газиева Ош мэриясынын үстүнөн даттанып, прокуратурага эки арыз жазды. Журналисттин прокуратурага арыздануусуна Ош мэриясынын жер тилкелерге байланыштуу толук маалымат бербей жатканы себеп болгон.

Газиева муниципалдык менчиктеги жана коомдук пайдалануудагы жер тилкелер боюнча материал даярдап жаткан. Анын айтымында, ал мэриядан маалымат алып, бирок алган маалыматы толук болбой калгандыктан кайрадан толуктап берүүнү суранган. Бирок мэрия өтүнүчүн канааттандырбай койгон.

Ал эми журналисттин экинчи арызына мэриянын «мыйзам менен корголуучу сырларды камтыган» маалыматтар бар деген жүйөө менен муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын протоколдорун, аукцион боюнча комиссиясынын чечимдерин берүүдөн баш тартканы себеп болгон.

«Мен сураган маалыматтар мыйзам менен корголуучу коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка сырларды камтыган эмес», — дейт Газиева.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров журналисттин арызы мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына карата жазылганын билдирди «Клооптун» кабарчысына.

«Бирок алар [Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы] маалыматты бергенбиз деп жатышат. Мүмкүн толук эмес берилип калгандыр. Кээ бир нерселерди айтууга болот, кээ бир нерселерди болбойт. Азыркы учурда текшерүү жүрүүдө», — деди Абсаттаров.

Ош шаардык прокурорунун улук жардамчысы Элиза Тажибаева журналисттин арызы 28-ноябрда келип түшкөнүн «Клоопко» тастыктап, аткаруучуларга берилгенин айтты.

Кыргызстандын «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, журналист кесиптик ишин аткарууда мамлекеттик жана муниципалдык органдардан коомдук маанилүү маалыматты суратууга жана алууга, ошондой эле мыйзам менен корголуучу сырларды камтыбаган документтерди алууга укуктуу.