Памирлик кыргыздар үчүн Алай районунда үйлөр курулат

Алай районун Талды-Суу айыл аймагына памирлик кыргыздар үчүн жети үй курулат. Бул тууралуу «Клоопко» Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Даанышбек Кеңешов билдирди.

Кеңешовдун айтымында, памирлик кыргыздар үчүн үй куруп берүүгө 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнүп, учурда тендер жарыяланган.

«Долбоор боюнча үйлөр төрт бөлмөлүү, узуну 11 метр, туурасы 9,60 метрден болот. Курулуш иштери 2020-жылдын апрель айында башталат», — деди Даанышбек Кеңешов.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 этникалык кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан болжолдуу жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес.

Алар тарыхый мекенинде жашоодон көңүлдөрү калып калганынын башкы себептери катары бийлик менен өз-ара түшүнбөстүктү, начар жашоо шарты менен сиңишип кетүүгө мүмкүн болбогондугун аташкан.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмне үчүн Кыргызстандан кетип жаткан ооган кыргыздары кайра кайтууну каалашпайт?

«Кылаарга ишибиз жок»: Нарынга көчүрүлүп келген памирдик кыргыздардын жашоосу кандай өтүп жатат?

«Мамлекеттик программада памирлик кыргыздардын алыскы келечеги каралган эмес»