Түркияда аткезчиликке шектелген алты кыргызстандык кармалды

Алты кыргызстандык Стамбулдун аэропортунда кармалган, бул тууралуу Түркиянын Соода министрлиги билдирет. Кыргызстандын жарандары Стумбулга Алматы каттамы менен барышкан. Алар ыктымал «бажы тариздөөсүнө туура келген товар жоктугун» билдиришкен.

Түрк бажычылары кыргызстандыктардын тогуз чемоданы менен алты баштыгын текшерип, 7 миң 390 таңгак электрондук тамеки табышкан. Тамекилердин жалпы суммасы 152 миң түрк лирасын түзгөн (бул 26,5 миң долларга чукул акча). Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги бул товарларды өлкөнүн аймагына киргизүүгө жана колдонууга тыюу салган.

Кыргызстандыктар жүк аткез деп табылгандан кийин кармалышкан. Түрк мыйзамдары боюнча, алар беш жылга чейин эркинен ажыратылып же айып пул салынышы мүмкүн.

Кыргыз ТИМнин позициясын билүүгө мүмкүн болгон жок.