Жөө күлүк Дарья Маслова Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

2018-жылдагы Азия оюндарынын алтын медалисти Дарья Маслова 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Жөө күлүк Валенсия (Инспания) шаарында өткөн лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секундда маарага жетип келген.

Маслова буга чейин да Олимпиада оюндарына катышып келген — ал 2016-жылы Риодогу мелдеште 10 километрге жарышууда улуттук рекорд койгон.

Масловадан тышкары Токиодогу оюндарга балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбеков, сууда сүзгүч Денис Петрашов, ошондой эле жөө күлүк Юлия Андреева катышат.