Көркөм сүрөт искусство музейинин жамааты президенттен Жангарачеваны кызматына кайтарууну өтүнүштү

Көркөм сүрөт искусство музейинин кызматкерлери музейдин бошотулган директору Мира Жангарачеваны кызматына кайтарууну суранып президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдошту. Каттын көчүрмөсүн авторлор 3-декабрда музейдин инстаграм аккаунтуна жайгаштырышкан. Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотуу «Феминнале» көргөзмөсүнүн шартында болду — анда перфоманстардын бирин жылаңач аял көрсөтүп чыккан.

Музейдин жамааты катта экс-башчынын жетишкендиктерин тизмектеп, «өлкөнүн маданий мурасын сактоо боюнча [...] жогорку иш аткарганын» билдирген.

Алардын айтымында, Жангарачева архивдик көркөм адабият коллекцияларын тартипке салып, ЮНИСЕФ жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташуу келишимдерин түзгөн. Анын жетекчилигинин алдында музейдин имараты жана көргөзмө залдары ирээтке келтирилген. Ал эми жертөлөсү «кылымдар бою сакталган керексиз акыр-чикирден» тазаланган.

«Музей, өз тартиби жана өз жоопкерчилиги бар болушу керек мамлекет сыяктуу. Жангарачева өз милдетин чынчыл жана калыстык менен аткарып жаткан, биздин баамыбызда, жамаатты тазалыктын жана жарыктын энергиясы менен шыктантып турган», — деп жыйынтыкташкан кайрылуусун музей кызматкерлери.

Жангарачева «Клооптун» кабарчысына маек куруп жатканда кесиптештеринин президентке кайрылышканын билбегенин кабарлады. Анын айтымында, ал милицияда жүргөн жана жумушка бара элек болчу.

Аргасыздан жумуштан бошотуу

Жангарачева кызматынан өз эрки менен кетип жатканы тууралуу арызды 2-декабрда жазган. Бул даниялык перформанист көргөзмөдө жылаңач чыккандан кийин болгон. Кызматтан бошотууну «аргасыз» деп жатышат. Мындай билдирүүнү коомдук ишмер Айжан Чыныбаева жасаган. Бул пикирге көргөзмөнүн айрым катышуучулары менен көрүүчүлөрү да тилектеш.

Жангарачева музейдин кызматкерлери менен биринчи «Феминналенин» уюштуруучуларын «Кырк Чоро» кыймылынын өкүлдөрү тарабынан болуп аткан коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргоп калуу үчүн кызматын тапшырып бергенин кабарлаган.