Оштогу аскер бөлүктөн качкан эки жоокерге издөө салынды — ЖМК

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: kabar.kg

«Турмуш» басылмасы Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабына шилтеме берүү менен Ош шаарындагы аскер бөлүгүнөн качкан эки жоокерге издөө жарыяланганын маалымдады. Окуя 3-декабрда болгону кабарланууда.

Басылма кабарлагандай, жоокерлер 18-19 жашта болушкан. Ал эми аскерде кызмат өтөөнү ушул жылдын күзүндө башташкан. Жаш жигиттердин качканынын себеби армияда кызмат өтөөнү каалашпай жатканында деп божомолдонууда. Аталган фактты аскер прокуратурасы иликтөөгө алды. 

Окуя тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн генералдык штабдын басма сөз кызматы комментарийге жеткиликсиз болду.