Султаналиев: Абылгазиев суракка чакыруу ала элек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча УКМКга суракка чакыруу ала элек. Бул тууралуу «Клоопко» 4-декабрда өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев кабарлады.

Суракка «Азаттыктын» эки иликтөөчү журналисти, экс-депутат жана учурда саясий активист Ширин Айтматова чакырылган.

https://twitter.com/AitmatovaShirin/status/1202088205371215873

Ал эми парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана кесиптеши Дүйшөн Төрөкулов УКМКда суракта болуп чыгышкан.

УКМКга суракка чакыруу журналисттердин жакында эле жарык көргөн Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнүн шартында болууда. Киши колдуу болоор алдында журналисттердин маалыматчысы Айэркен Саймаити аларга акчалардын булагын ачыктаган — өкмөттө байланышы бар таасирдүү үй-бүлөнүн башкаруусундагы көмүскө карго империясын — документтерди өткөрүп берүүгө үлгүргөн.

Учурда укук коргоо органдары анын өлтүрүлүшү тууралуу иштин үстүндө иш алып барып жатышат.