Абылгазиев «Коопсуз шаардын» маалыматы ачыкка чыгып кетишин иликтөөнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаардын» камерасынан маалыматтын сыртка чыгып кетишине реакциясын билдирди. Ал вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго жарандардын маалыматтарынын ачыкка чыгып кеткен фактысын иликтеп, аларды колдонуунун үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Буга чейин интернетте «Коопсуз шаар» камерасынан алынган сүрөттөр жайылып кеткен. Анда бир эле, балким жасалма болушу мүмкүн мамномер ар башка беш автоунаадан байкалган. Социалдык тармактардын колдонуучулары сүрөттөрдүн биринде МККнын башчысы Алмаз Мамбетов экенин божомолдоп жаза башташкан. Бирок Мамбетов өзү муну төгүндөп, сүрөттөгү адам ага окшош экенин билдирген.

Абылгазиев Маалымат технологиялар мамлекеттик комитетине да кызматтык иликтөөнү өткөрүүнү тапшырды.

«Баарынан биринчи “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагындагы жарандардын жеке маалыматтарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтүү керек. Биз санариптик технологияларды турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонууга жетишүүбүз керек. [...] Ошондуктан, адекваттуу жооптуу аракеттер кабыл алынышы зарыл, тагыраак айтканда, жеке маалыматтарды коргоо чараларын күчөтүү жана маалымат системасынын ченемдик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу керек», — деп билдирди Абылгазиев.

«Коопсуз шаар» долбоору азырынча Бишке жана Чүй облусунда гана иштеп жатат. Жол кыймыл эреже бузуулары үчүн айдоочуларга айыппулдарды 2019-жылдын мартынан тарта жазып бере башташкан.

Бийликтин маалыматына ылайык, долбоор 2020-жылы бүткүл Кыргызстан боюнча иштеп баштайт. Жалпысынан өлкөнүн жолдорунда 270 камера жана 40 көчмө мобилдүү комплекстер пайда болот.