Сузактагы мектепте окуучулар туруп тамактанбай калышты

«Спутник» басылмасы 4-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Юсупов мектебинин башталгыч классынын окуучулары ашканада туруп тамактанып жатышканы тартылган тасма жарыялаган.

Басылма видеону телеграмдагы «Короче» каналынан алган. Тасмага берилген баяндамада аталган мектептин директору отургучтарды темирге тапшырып жиберген деп жазылган.

Юсупов мектебинин мүдүрү Калипа Керимбекова «Клооптун» кабарчысына бул тасма сентябрь айынын биринчи жумасында тартылганын маалымдап, учурда отургучтар боюнча маселе жок деп билдирди.

«Былтыркы жылы окуучулардын саны 1400 болсо, быйыл 1500гө жетти. Ошондуктан ашканадагы отургучтарды класстарга алып чыкканбыз. Кийинчерээк айыл өкмөтү 50 даана отургуч алып келген», — деп түшүндүрдү Керимбекова.

Ал отургучтар темирге тапшырылган деген маалымат жалган экенин кошумчалап, ага карата каралоо аракети болуп жаткандыгын айтты. Далил катары редакцияга тасма жиберди.

Ал эми «Спутник» басылмасына Керимбекова ашканадагы эски отургучтар Кытайдан чыгарылып, алар сынып калгандыктан жаңысына буйрутма берилген деп жооп берген. Ал муну кабарчы орус тилинде суроо узаткандыктан жооп берип жатып оюн туура эмес түшүндүрүп алганын айтууда. Ошондой эле отургучтардын арасында сынгандары бар болгон дейт мектеп мүдүрү.

Билим берүү министрлигинен «Клоопко» тасма эски экендигин кабарлап, аталган мектепте эмерек көйгөйлөрү жок экендигин билдиришти.