Журналисттик иликтөөгө маалыматчы болгон аскер кызматкерлерине издөө салынды — Чек ара кызматы

Мамлекеттик чек ара кызматы «Клоопко» маалымдагандай, «көмүскө кербен» тууралуу иликтөөнүн маалыматчылары майор Айбек Камчыбековго жана улук лейтенант Марлис Осмонбековго издөө жарыяланды.

«Манас» аэропортунда кызмат өтөгөн Камчыбеков менен Осмонбеков бир нече акча ташыган адамдарды аныкташкан. Алардын пикиринде, курьерлер бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун калкалоосунун алдын иштешкен.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында фейсбукта болжолдуу курьерлердин бажы декларациялары менен паспортторунун сүрөттөрү жарыялангандан кийин чек арачылар ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

«[...] Алар персоналдык маалыматтарды жайылтууга тиешелери болгондугу фактысы менен кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилишкен», — деп билдирет Чек ара кызматы. Бирок маалыматчылар курьерлердин сүрөттөрүн жарыялаган эмеспиз дешүүдө.

Аскер прокуратурасынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аскер кызматкерлеринин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Камчыбеков жана Осмонбеков журналисттерге Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү менен жолугушуусу тууралуу айтып беришкен. Алардын айтымында, тергөөчү аларды сүрөттөрдү жайылткандыгы үчүн айыптап, аларга кысым көрсөтүү боюнча буйрук өйдө жактан келип түшкөнүн билдирген. Офицерлер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушкан — бул үчүн алар качкынчылык боюнча айыпталып, аларга карата дагы бир кылмыш иши козголгон.