Ноокатта пара менен кармалган инспектор үй камагына чыгарылды

Ош облусунун Ноокат районунда беш миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган патрулдук милиционер 5-декабрда эки айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош облусттук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов маалымдады.

«Сөз болуп жаткан инспектор үй камагына ден соолугуна жана эки жашар баласы бар болгондугуна байланыштуу чыгарылды. Анын соттон жана тергөөдөн качып кетүүсүнө эч кандай негиз жок», — деди Осмонкулов.

Кармалган инспектордун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева учурда анын кардары ооруканада дарыланып жаткандыгын «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, милиционердин жүрөгү оорулуу.

ИИМдин ички иликтөө кызматкерлери тарабынан Ноокат районунун инспектору пара менен 3-декабрда кармалган. Анын пара талап кылып жаткандыгын милицияга айдоочу кабарлаган.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Пара талап кылуу» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган.