Ноокатта инспектор 5 миң сом пара менен кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда 3-декабрда патрулдук милиционер айдоочудан пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Карима Аманкулова билдирди.

«ИИМдин ички иликтөө кызматына Ноокат районунун инспектору пара талап кылып жаткандыгын билдирип айдоочу арыз менен кайрылган. Кызматкер арыздануучудан жол эрежесин бузгандыгы үчүн эки миң сом пара алып, андан кийин дагы 8 миң сом талап кылган. Инспектор айдоочунун паспортун да алып койгон», — деди Аманкулова.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Пара талап кылуу» беренеси менен катталды.

Буга чейин 21-августта фейсбука ушул эле инспектор катышкан видео тараган. Анда патрулдук милиционер айдоочунун күбөлүгүн алып кайра кайтарбай кесиптешинин унаасы менен белгисиз тарапка кетип калган. Тасманын соңунда айдоочуга күбөлүк Ноокат ЖКККБнын башчысынын жеке кийлигишүүсү менен гана кайтарылганы айтылган.

Патрулдук милиционер окуя боюнча түшүнүк кат жазып, видео монтаждалган деп билдирген. Бирок кийинчерээк ага ИИМдин буйругун жана кызматтык этиканы бузгандыгы үчүн катаал сөгүш жарыяланган.