«Азаттыктын» журналисттери УКМКга сурак берүүгө милдеттүү, бирок муну чет өлкөдөн кыла алышат — адвокат

4-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Азаттыктын» журналисттеринен Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча УКМКнын сурагына келүүсүн талап кылган. Алар мындай талапты «Азаттыктын» редакциясы журналисттер Прагада жүрүшкөнүн жана алар бардык суроолорго видео байланыш аркылуу жооп берүүгө даяр экенин билдиргенден кийин коюшкан.

Ведомство муну мүмкүн эмес деп эсептеп, ЖПКнын «видео байланыш режиминдеги суракка алуунун өзгөчөлүктөрү» тууралуу беренесине таянышкан. Бул берене боюнча күбөлөр чет өлкөдө жүрүшсө, дистанциялык суракка алуу каралган эмес.

Адвокат Фатима Якупбаева муну ырастап, бирок бул беренеге кайрылуу орунсуз деп түшүндүрүп берди.

«Күбөлөр башка өлкөнүн аймагында жүргөнүн эске алсак, бул беренени эмес, КРдин ЖПКсынын 514 жана 515-беренелерин караш керек», — деп айтты Якупбаева.

Бул беренелердин мааниси мындай: эгер Кыргызстанда кылмыш ишинин күбөлөрү жашап жаткан башка өлкө менен укуктук өз ара жардам берүү тууралуу макулдашуу бар болсо, анда ошол чет өлкө өз алдынча сурак өткөрүшү керек. Мисалы, Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда ушундай макулдашуу бар.

УКМКнын тергөөчүсү Чехиянын аймагында жүргөн журналисттерди издөөдө жана суракка алууда көмөктөшүү өтүнүчү менен өтүнүч катты Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жолдошу керек. Андан кийин Башкы прокуратура чех тилинде сурам түзүп, көмөктөшүүнү күтүшү керек.

Мындай жол менен, эгер Башкы прокуратура УКМКнын тергөөчүсүнөн өтүнүч кат алса, ал далилдерди алуу процессин баштайт. Чехиянын аймагында анын кызмат адамдары тарабынан алынган далилдер алар Кыргызстандын аймагында алынгандай эле юридикалык күчкө ээ болот.

Ал эми күбөлөр боюнча, ЖПКга ылайык, журналисттер ыйгарым укуктуу алгач тергөө органына келип, берилген суроолорго чын жооп берүүгө милдеттүү.

УКМК дистанциялык сурак алууларды жүргүзөт

Ал сурактардын бирөөсү Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция тууралуу иш боюнча болгон. УКМКдан 26-октябрда билдиришкендей, алар Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ЦАРИИ) экс-башчысы Алексей Елисеевди суракка алышкан.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, УКМК бул боюнча суракка алууга жардамдашуу тууралуу сурамды Латвияга жөнөткөн. Латвиянын органдары кыргыз ведомствосуна маалымат алууга жардамдашкан жана мурдагы аткаминерлердин көрсөтмөлөрү Бишкек ЖЭБин жаңыртуу тууралуу кылмыш ишине кошулган.