«Мамлекет спортчуларга кайдыгер». Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Аманбеков президентке кайрылды

Кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков «спортчулардын жараткан ийгиликтери мамлекет тарабынан байкалбай, кайдыгер мамиле жасалып келгенин» билдирди. Аманбеков президент Сооронбай Жээнбековдон турак жай субсидиясын жана айлык стипендиясын сурап кайрылды.

https://www.instagram.com/p/B5z_J57g-4p/?utm_source=ig_embed

«Бир жыл ичинде, быйыл эки ирет дүйнө чемпиону болуп, жалпы жолунан үч жолку дүйнө чемпиону болдум. [...] Кыргыз эли үчүн өлкөнүн намысын коргоп, мамлекеттин өнүгүүсүнө өзүмдүн салымымды кошоюн деп 20 жыл мээнет кылдым. Тилекке каршы, кылган мээнетибиз жана жараткан ийгиликтерибиз мамлекет тарабынан байкалбастан, кайдыгер мамиле жасалып келди. [...] Кыргыздын алдыңкы спортчуларына берилип жаткан турак жайдын жана айлык стипендиянын мага да төлөнүүсүнө өзүмдү татыктуу болдум деп эсептейм», — деп айтты Аманбеков.

Жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиги Аманбеков 2017-жылы жабык жайдагы Азия оюндарындагы жеңишинен кийин стипендия алганын билдирди. Ведомстводон билдиришкендей, спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондору мамлекеттен стипендия алышпайт.

Президенттин аппаратынан комментарийди кечирээк беришээрин «Клоопко» билдиришти.

Аманбеков алгачкы алтын медалын 2013-жылы алган. Мындан тышкары, ал 2019-жылы 57 килограммга чейинки салмак категориясында эки жолку дүйнө чемпиону болгон — ал бул салмакта лоу кик жана фулл-контакт түрлөрүнө катышкан.

2017-жылы Аманбеков жабык жайдагы Азия оюндарында фулл-контакт түрү боюнча алтын медаль алган.