Өзбек чек арачылары шарттуу тилкеге малды айдап чыгаруу үчүн келишкен — Чек ара кызматы

Социадык тармактарда 7-декабрда Өзбекстандын чек арачылары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жүрүшөт деген аталыш менен тасма тараган. Анда аскердик формачан кишилер менен кыргызстандыктардын өз ара кайым айтышып жатканын көрүүгө болот.

Аталган тасма соцтармактын колдонуучулары тарабынан талкууга алынган соң Кыргызстандын чек ара кызматы билдирүү таратты. Ага ылайык чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы катталган эмес жана учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал «туруктуу».

Пресс-релизде жазылгандай, Ала-Бука районундагы кыргыз-өзбек чек арасында Өзбекстандын чек арачылары менен кыргызстандыктардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Ага шарттуу тилкеде отоп жүргөн Кыргызстандын жаранына таандык мал Өзбекстандын чек арасына өтүп кеткени себеп.

«Келишимге ылайык эгерде мал кайсы бир аймакка отоп кирип барса анда чек арачылар аны өз алдынча айдап чыгарат деп жазылган. Ошондуктан өзбек чек арачылары шарттуу тилкеге келишкен», — деп маалымдашты ведомстводон.

Маалыматка ылайык, жаңжал кыргызстандык чек арачылар коңшу өлкөнүн чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин чечилген.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек арага чектеш райондордун жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.