Алмазбек Атамбаев психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Материал саат 16:55те жаңыртылды

ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тарапкерлерин психиатриялык экспертизага чакырды. Алардын арасында депутат Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Кой-Ташта штурм учурунда мурдагы президенттин резиденциясында болгон дагы 13 адам бар.

Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина экспертизадан 10-декабрда өтүштү.

«Оор жана өзгөчө оор кылмыштарга байланыштуу шек саналган кишиге экспертиза дайындалат. Шектүү андан баш тартып койсо болот. Кечээ экс-президент баш тартты. Ал башынан эле тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Мен Ирина Юрьевна болуп дайыма мыйзам сакталышы керек экенин айтып келебиз, ошондуктан экспертизадан өттүк. Экспертиза маектешүү форматында өтүп, көп убакытты талап кылган жок. Бир нече дарыгер суроо берди», — деп билдирди Кодуранова.

Ошондой эле ал Алмазбек Атамбаев андан өтүүдөн жана «башында эле тергөө менен кызматташудан баш тартып келе жатканын» белгиледи.

«Кой-Таштагы массалык башаламандыктарды жана адамдарды барымтага алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иликтенип жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү катары 16 адам өтүп жатат», — деп билдиришти ИИМден.

Ал эми КСДПнын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина экспертиза жөнүндө социалдык тармакта тамашалуу пикирин жазган.

«Негизи туура кылышат, биздин акыл эсибиздин жайында же жайында эмес экендигин текшерүү керек, чоңоюп деле калбадыкпы, кайсы бир адилеттүүлүккө жана чындык үчүн күрөшөбүз!» — деп жазган ал.

Атамбаевдин кызыкчылыктарын коргогон юрист Нурбек Токтакунов «адам өлтүрүү айыптары тууралуу иштер боюнча психиатриялык экспертиза — стандарттык процедура» экенин билдирген.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Атамбаевдин үйүн штурмга алууу эки күнгө созулган — 7-8-август. Анда бир спецназчы каза таап, 170ке чукул адам жабыркаган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери УКМКнын алты спецназчысын туткунга ала алышкан. Бул алардын Атамбаевди 7-август күнү кечинде кармоого жасаган аракети ийгиликсиз болуп калгандан кийин болгон.

Атамбаев укук коргоо органдарынын колуна түшүп бергенден кийин Бишкектин борбордук аянтына жүздөгөн адам чыгып, президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылып, таштанды челектерин жана «Коопсуз шаардын» камераларын талкалап кетишкен.