Кыскача: Лимондун миллион сомдук аткези кармалды

Сүрөт: Кыргызстандын бажы кызматы

Бажы кызматы лимондун бир миллион сомдук аткез фактысын аныктады. Мыйзамсыз ташып келүү фактысы Баткенде аныкталган. Товарларга документтери жок чиркегичтүү машина 1 107 263 сом суммасына 14,7 миң килограмм цитрус жемишин киргизүүгө аракет кылган.

Бул факт «Аткезчилик» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттого алынды. Шектүү кармалды.