Питер метросундагы терактка айыпталган кыргызстандын атуулу Аброр Азимов өмүр бою эркинен ажыратылды

Санкт-Петербургдун Батыш аймактык аскер соту питер метросундагы терактты уюштурууга шектелген Аброр Азимовго карата өмүрү өткүчөктү эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Мындан тышкары, Азимовго 800 миң рубль өлчөмүндө айып пул салынды. «Бумага» интернет гезитинин маалыматы боюнча, иштин калган 10 фигурантына 19дан 28 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыкты.

Акрам Азимов 28 жылга, ал эми Мухамадюсуп жана Ибрагимжон Эрматовдор 28 жана 27 жылга эркинен ажыратылып, мындан тышкары алар жардыруунун негизги уюштуруучулары деп таанылды. Содик Ортиков 22 жылга кесилди. Махаммадюсуф Мирзаалимов, Азамжон Махмудов, Дилмурод Муидинов жана Шохиста Каримова 20 жылга эркинен ажырашты. Сайфилла Хакимов жана Бахрам Эргашев карата ар бирине 19 жыл эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Аларга 500 миңден 800 миң рублга чейинки айыптар тагылды.

Санк-Петербург шаарынын метросундагы теракт 2017-жылдын апрелинде болгон. Анын айынан 16 адам каза таап, 100дөн ашууну жабыркаган. Каза тапкандардын арасында айыптоо жанкечти деп эсептеген Акбаржон Жалилов да бар.

Кийинчерээк кыргызстандын атуулдары ага-ини Аброр жана Акрам Азимовдор кармалган. Алар Акбаржон Жалилов менен тааныш болушкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аброр «Катиба Таухид валь-Жихад» тобунун курамына кирген жана ал теракттын болжолдуу аткаруучусу Акбаржон Жалиловго 122 миң рубль которуп, ага бомба даярдоо боюнча нускамаларды берип турган. Тергөөчүлөр ал аталган топко дагы үй айыптоочуну тарткан деп эсептейт — Акрам Азимовдун бир тууганын, Шихоста Каримовду жана Содик Ортиковду.

Аброр Азимов күнөөнү мойнуна алган жок. Ал тергөөчүлөрдүн кыйноолоруна даттанган. Абрордун айтымында, ал теракттын даярдалышы тууралуу эч нерсе билген эмес, Жалилов менен тааныш болгон эмес, ал эми анын картасына акчаны таанышынын өтүнүчү боюнча которуп турган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын кармалышы тууралуу расмий түрдө 2017-жылы 17-апрелде билдирген. Бирок Азимов 3-апрелде кармалып, андан соң «жашыруун түрмөдө» кыйноого алынганын айткан.

Автору: Адеим Убакеева

ТЕМА БОЮНЧА: