«Укуктан мурда улут турат». Маданият министри улутчул патриоттордун акциясына барды

Улутчул патриот Назира Бегимдин сүрөтү

Улутчул патриоттор «Белгилүү маршрут» акциясын өткөрүштү. Алар «Укуктан мурда улут турат», «Чечинбе, уят» жана «Эрден чыксаң да элден чыкпа» деген ураандар жазылган автобуста шаарды айланышкан.

Акция эртең менен эски аянтта башталган. Мындан соң катышуучулар «Азия Молл» соода борбору көздөй жөнөп, андан кийин төрт саат шаар ичинде айланып жүрүшкөн.

Иш-чаранын катышуучулары улуттук кийимчен болушкан — чапан, элечек жана калпактар. Алар башка адамдарды автобустун ичинде өтүп жаткан талкууларга катышууга чакырышкан. Ал эми акцияны чагылдыруу үчүн смартфондор менен социалдык тармактарды колдонушкан.

Улутчул патриот Назира Бегимдин сүрөтү

Укукка каршы, бирок «улут үчүн» акциясында маданият министри Азамат Жаманкулов да болгон. Маданият министрлиги ведомствонун башчысы улутчул патриоттордун иш-чарасына кантип барып калганын тактап бере алган жок.

«Билбейбиз, аны чакырышкан же ал жактан өтүп бараткан болушу керек», — деп билдиришти маданият министрлигинин басма сөз кызматынан. Маданият министри өзү 24.kgнин журналисттерине курган маегинде акциянын катышуучуларын колдоо үчүн келгенин айткан.

Маданият министри Азамат Жаманкулов. Сүрөт: 24.kg

Акцияга калаа мэри Азиз Суракматов да барган. Мэриянын басма сөз кызматы да шаар башчысы ал жакка кандай барып калганын тактап бере алган жок. Суракматов өзү акцияга капыссыздан эле барып калганын билдирген.

«Мен парктын жаңы жылдык шөкөттөсүн көргөнү келсем бул жерде апалар эс алып жатышыптыр. Иш-чаранын максатын билүүнү чечтим. Катышуучулардын бардыгына рахмат», — деп келтирет 24.kg мэрдин айткандарын.

Сүрөттө улутчул патриот Назира Бегим. Сүрөт анын социалдык тармактардагы ачык профилинен алынды

Иш-чаранын уюштуруучусу Назира Бегим түз эфирде 10-декабрда «дагы бир чоң акция болоорун» билдирген. Анын видеосунда акцияга келгендердин бири «башка элдер биздин маданиятыбызды сыйлаганга көнүшү керектигин» айткан.

«Кыргыз маданияты — дүйнөдөгү эң байыркы маданияттардын бири. Биздин маданиятты БУУ кабыл алып, ЮНЕСКО каттаган. Биздин ата-бабалар жашоонун негизи — бул сый-урмат экенин айтышкан. Учурда бул сый бузулуп жатат. Жылаңачтанууну маданият деп эсептегендер, бизин кылымдар бою келе жаткан маданиятыбызды билип, аны сыйлашы керек», — деп айтат видеодо катышуучулардын бири.

Ал эми жарандык активист Канышай Мамыркулова мындайча пикирин айткан: «Кыргызстанда көбүндө өз укуктары, өз салттары бар. Биз мындай тышкы нерселерди кабыл ала албайбыз. Бул жогорку искусство болсо дагы, силер жылаңач даниялык аял сыяктуу идеологияны азыраак жарсаңар».

«Феминнале»

Декабрдын башында улутчул патриотторду даниялык сүрөтчү Жули Саверинин «Феминнале» заманбап исскуствосунун көргөзмөсүндөгү перфомансы нааразы кылган. Ал секс жумушчулардын көйгөйүн чагылдыруу менен залга жылаңач чыккан.

Улутчул патриотторго башка да экспонаттар жакпай калган, анын ичинде аялдын тулку бою түрүндөгү боксер грушасы жана аялдын ич кийими бар. Алар аялдарга карата зомбулукту символдоштуруп илинген. Улутчул патриоттор көргөзмөнүн уюштуруучулары менен музейдин өзүн коркутушкан.

Ал эми музейдин экс-директору Мира Жангарачева музейдин кызматкерлери менен уюштуруучуларды улутчул патриоттордун «физикалык жазалоо жана коркутууларынан» коргоп калуу үчүн жетекчилик кызматын таштап кеткен.

Көргөзмөгө жана музейдин экс-директору Мира Жангарачеваны экс-президент Роза Отунбаева колдоп, өз пикирин билдирип чыккан.

«Маданият министри бүгүн социалдык тармактардагы талкуулардын басымынын алдында билдирүү жасады. Бул көргөзмө боюнча өз пикримди жазгым келет: [Feminnale көргөзмөсү] олуттуу, терең, новатордук көргөзмө, ал жерде жөн гана түкүрүнүп жана сөгүнбөстөн, басып жүрүү жана ойлонуу керек!» — деген ал.